Казакстан БУУнун Баңги заттар боюнча комиссиясынын курамына кирди.
Нью-Йоркто аталган уюмдун экономикалык жана социалдык кеңешинин жыйынында жаңы
мүчө өлкөлөрдү шайлоо аземи болуп өттү. Жыйынтыгында Казакстан көбүрөөк добуш
алды. Бул эл аралык коомчулуктун өлкөнүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө
каршы активдүү күрөшүн таануусу болуп саналат. Учурда республика бул багытта
комплекстүү иш-чараларды ишке ашырып жатат. Ал баңги заттарды алдын алууну,
жарандарды реабилитациялоону, чек ара зонасында көзөмөлдү жана укуктук тартипти
күчөтүүнү камтыйт. Белгилей кетсек, Казакстан комиссиянын курамында 2029-жылга
чейин Азия-Тынч океан регионалдык тобунун кызыкчылыгын коргойт.
Кайрат Аман, ТИМ Эл аралык коопсуздук департаменти мүдүрүнүн орун басары:
- Баңги заттар боюнча комиссиянын алкагында Казакстан БУУнун тиешелүү резолюцияларын иштеп чыгууга жана добуш берүүгө катышат. Баңгизаттарды алдын алуу, аларга болгон суроо-талапты азайтуу, ден соолукту жана адам укуктарын коргоо боюнча долбоорлорду демилгелейт. Улуттук жана аймактык артыкчылыктарды илгерилетет. Эң башкысы-аталган комиссиянын курамында Казакстан баңги заттарга каршы глобалдык чечимдерди кабыл алууда четте калбайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

