Казакстан-Борбордук Азиянын негизги дипломатиялык аянтчасы

Казакстан-Борбордук Азиянын негизги дипломатиялык аянтчасы

Алматыда Борбордук Азия жана Ооганстан үчүн БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык борборунун ачылышы - Казакстандын дүйнөдөгү ролун бекемдөөнү жана регионду андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн тастыктоо. Мындай пикирин чет элдик эксперттер айтышууда. Алматыда саясий диалогдун жана чечимдердин борбору түзүлдү. Диалогго Ооганстан дагы киргизилген, анткени бул өлкөнүн узак мөөнөттүү тынчтыгы жана туруктуу өнүгүүсү бардык регионалдык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн чоң мааниге ээ.

Алмаз Тажыбай, саясат таануучу, мамлекеттик саясатты талдоо борборунун директору:

- Ооганстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу биринчи толук кандуу аймактык кызматташтык болот. Албетте, эл аралык деңгээлдеги диалогдун бардык катышуучуларына таасирин тийгизет. Бул жетишкендик, менимче, бүткүл регион үчүн маанилүү. Анткени ТӨМ боюнча милдеттенмелерди аткаруу Борбордук Азия өлкөлөрү тарабынан белгилүү бир стабилдүүлүк кепилденет

Борбордун ачылышынын маанилүүлүгүн дүйнөлүк ММКлар да белгилешти. Кытайдын Синьхуа порталы бул окуяны Казакстандын БУУ менен кызматташтыгындагы жана аймактагы туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү аракеттериндеги маанилүү окуя деп атады. Европа жаңылыктар платформасы Антониу Гутерриштин Борбордук Азияда ТӨМдүн биринчи борборунун ачылышы жалпы аймак үчүн маанилүү жетишкендик экенин баса белгиледи. Ал эми Евроньюс БУУнун Башкы катчысынын сөзүн келтирип, регионалдык борбор аймактын лидерлеринин ортосундагы бекем байланыштар канчалык терең экономикалык интеграцияга айланарын көрсөтүп жатканын белгилейт. Демек, Борбор Азиянын дүйнөдөгү ролун күчөтүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков