Казакстан менен ЕАЭБ мамлекеттери ортосундагы соода алмашуу 23% өстү

Казакстан менен ЕАЭБ мамлекеттери ортосундагы соода алмашуу 23% өстү

2022-жылдын алгачкы эки айында Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 23%га өсүп, 4 миллиард долларды түздү. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча товарлардын экспорту 1 миллиард доллардан ашты. Казакстандын Биримдик өлкөлөрү менен жалпы тышкы соода жүгүртүүсүндө Орусиянын үлүшү чоң. Андан кийин Кыргызстан, Беларус жана Армения мамлекеттери турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков