Астана эл аралык каржы борбору аркылуу Казакстанга 12 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылды. Үстүбүздөгү жылдын алты айында борборго 500дөн ашык компания кошулуп, жалпы катышуучулардын саны 3 миңге жетти. Бул тууралуу мамлекет башчыга “Астана” эл аралык каржы борборунун башкаруучусу билдирди. Ренат Бектуровдун айтымында, каржы борбору түзүлгөндөн бери анын катышуучулары бюджетке 115 миллиард теңге салык төлөшкөн. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 30 миллиард теңгеге жакын каражат түшкөн. Ошондой эле, Ренат Бектуров үстүбүздөгү жылдын аяк оона айынын 5-6да өтө турган салттуу Astana Finance Days 2024кө даярдыктын жүрүшүн айтып берди. Президент Каржы борборун мындан ары өнүктүрүү багытында бир катар милдеттерди жүктөдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков