Казакстан менен Түндүк Македония ишкерлер кеңешин түзүүдө

Казакстан менен Түндүк Македония ишкерлер кеңешин түзүүдө

Казакстан менен Түндүк Македония соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүдө. Алардын келечегин Скопьеде соода жана интеграция министри Арман Шакалиев жана республиканын президенти Гордана Сильяновска-Давкова талкуулашты. Түндүк Македониянын тышкы иштер жана соода министри Тимчо Муцунски менен жолугушууда соода жүгүртүүнүн туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ишкерлер кеңеши бул өсүштү жогорулатуунун негизги инструменти болууга ниеттенүүдө. Борборду түзүү келишимине Казакстан менен Түндүк Македониянын өкмөт өкүлдөрү жана бизнес өкүлдөрү катышкан бизнес форумда кол коюлду. Ошондой эле тараптар инвестиция тартуу жана экспортту өнүктүрүү, кызматташуу боюнча меморандум түзүштү. Сооданы, транзиттик жолдорду жана өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча долбоорлор өзгөчө кызыгууну жаратты. Бизнес-форумдун жыйынтыгында 500 миллион теңгелик келишимдерге кол коюлду.

Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:

– Биз Түндүк Македонияны Казакстандын Балкандагы келечектүү өнөктөшү катары карайбыз. Казакстандын экспорттук дарамети 320 миллион доллардан ашат. Казакстан Европа менен Азияны бириктирген негизги транспорттук, логистикалык хаб катары да кызмат кылат. Орто коридор натыйжалуу жана туруктуу жеткирүү чынжырларын камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Түндүк Македониянын географиялык абалы ага Балкан жана Түштүк-Чыгыш Европанын базарларына чыгууну камсыздап, бул каттамдын негизги звеносу болууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков