Казакстан «Борбор Азия – 2040» өнүгүү стратегиясын иштеп чыкты. Астанада баш оона айынын 9да өтө турган мамлекет башчыларынын саммитинде документтин кабыл алынышы бүткүл аймак үчүн концептуалдык мааниге ээ болот. Анда республикалардын беш тараптуу өз ара иш-аракетин кеңейтүүгө багытталган жакындашуу артыкчылыктары көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушууда билдирди. Бүгүнкү күндө аймактын өлкөлөрү ортосундагы өз ара соода-экономикалык кызматташтык жигердүү кеңейүүдө. Акыркы беш жылда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү 80%га өсүп, 10 миллиард доллардан ашты. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, бул процесстер аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатындагы натыйжалуу диалог менен коштолушу керек. Өз кезегинде Коопсуздук кеңешинин катчыларынын аймактагы биринчи жолугушуусу ушундай натыйжалуу аянтчага айланууга багытталган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
– Биздин оюбузча, Ооганстанды регионалдык мамилелерге активдүү тартуу - азыркы учурда стратегиялык милдеттердин бири болуп саналат. Бул жерде көп нерсе биздин өлкөлөрдүн ынтымактуу позициясына байланыштуу. Казакстанда Борбор Азия жана Ооганстан үчүн БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык борборунун ачылышы актуалдуу маселе деп эсептейбиз.
Касым-Жомарт Токаев республикалардын бардык тармактарында жана багыттар боюнча кызматташтыгы тез өнүгүп жатканын белгиледи. Өнөктөштүк аймактын ичинде гана чектелип калбайт. Дүйнөлүк оюнчулар «Борбор Азия» форматындагы активдүү кызматташууга чоң кызыгуучулук таанытып жатат. Буга Евробиримдик, Кытай, АКШ, Германия, араб мамлекеттери менен өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары ачык далил. Президент жыйындын катышуучуларын аймактагы мамлекеттерди бири-бирине каршы коюуга аракет кылган чет элдик күчтөргө каршы бирге турууга чакырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
– Биз мындай ыкмаларга, аракеттерге ачык эле каршыбыз. Буга эч кандай шек жок. Дегеле биздин өлкөлөрүбүз ортосунда өз ара чечилбей турган жана болбоого тийиш болгон көйгөй жок. Жалпы аракеттин жана өз ара колдоонун энергиясы менен гана боордош элдердин гүлдөп-өсүшүнө жол ачаарына ишенем.
Казакстан башчысы ар тараптуу форматты мындан ары институционалдык өркүндөтүү актуалдуу бойдон кала берээрин белгиледи. Өлкөлөр арасындагы мамилелердин өзгөчө мүнөзү Борбордук Азияны ХХІ кылымда өнүктүрүүгө багытталган достук, таттуу коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу менен ырасталышы керек деп кошумчалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков