Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маани-маңызы

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамзат цивилизациясынын маданий мурастарын сактоонун жаркын көрүнүшү болуп саналат. Бул тууралуу президент борборунда «Улуу талаа дүбүртү» жарыштары алкагында өткөн эл аралык жыйында ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын төрагасы билдирди. Симона Мирела Микулеску бул салттуу иш-чара этникалык спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн ири эл аралык спорттук мелдештер менен эле чектелбестигин баса белгиледи. Байгелүү мелдеште көчмөн элдердин бай маданий мурастары даңазаланат. Муну Улуу Талаа цивилизациясынын бешиги, киндик каны тамган Казакстандын борборунда өтүп жаткан этно иш-чарадан көргөнүн белгиледи. Урматтуу конок бул жакшы салтты кийинки муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун колдоосу астында өтүп жатат. Бул оюндар эл аралык уюмдун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Симона Мирела Микулеску, ЮНЕСКО башкы конференциясынын төрагасы:

– Мен башкы конференциянын төрагасы же Румыниянын элчиси катары айта турган оюмдун да түп маңызы менен мааниси бир. Бир гана өкмөт же жарандык коом эмес, баарыбыз улуттук баалуулуктарыбызды көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Мындай иште жаштардын ролу өзгөчө. Андыктан мен жаркын келечектин өкүлдөрүн – жаш муундарды маданий жана руханий мурастарды сактоого, коргоого, баалоого жана сүйүүгө чакырам.  Бул жаатта салттуу спорттун орду өзгөчө деп эсептейм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков