Билим берүү тармагындагы
санариптик чечимдер. Казакстандын басмаканалары окуу жараянына керектүү
методологияларды жана көмөкчү каражаттарды санариптештирүүнү колго алышты. Бул
үчүн айти-адистер менен тыгыз кызматташтык орногон. Жыйынтыгында Ekitap.kz
долбоору ишке кирди. Бул уникалдуу санариптик билим берүү платформасы толугу
менен ата мекендик өнүм болуп саналат. Ал өлкөдөгү белгилүү басмаканалардын
биринин жемиши. Бүгүнкү күндө аталган электрондук системада 100 миңден ашык
колдонуучу катталган. Мунун аркасында окуучулардын аралыктан билим алуусуна
мүмкүнчүлүк пайда болду. Мындан тышкары, алар аны колдонуу менен санарип
сабаттуулугун өстүрүштү. Санарип платформасында видео жана аудио материалдар
аркылуу мектеп сабактары боюнча билимди бөлүшүүгө болот. Бардык материалдар
казак жана орус тилдеринде онлайн режиминде жеткиликтүү.
Дидара
Алина, басмаканын башкы мүдүрү:
-Биз
бул рынокто 20 жылдан ашык убакыттан бери келе жатабыз. Президент Касым-Жомарт
Кемел уулунун тапшырмасына ылайык, биз кесиптештерибиз менен биргеликте бардык
окуу китептерин санарипке өткөрдүк. Алардын бардыгы иш жүзүндө колдонулуп,
сапаты боюнча жакшы пикирлерди уктук. Биз колдонууга ыңгайлуу болушу үчүн
системаны интерактивдүү кылдык. Бул балдардын керектүү билим алышына шарт
түздү. Санариптик моделдер менен бирге түп нуска, башкача айтканда салттуу
кагаз нускалары колдонулат.
Ата мекендик авторлор балдар
адабиятындагы заман талабына ылайык шарттарга өзгөчө көңүл бурушат. Жаш
окурмандар үчүн QR коддору бар китептер басылып чыгарылат. Ошентип,
аудио-аңгемелер менен жомокторду жүктөп алып угууга болот. Башкача айтканда, үндүк коштоо үлгүсү да
жасалат.
Учурда бул басмадан 40тан ашык өнүм
чыгарылат. Негизинен мектеп окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык
куралдар менен бирге окуу адабияттары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков