«Бизнестин жол картасы - 2025» программасы

«Бизнестин жол картасы - 2025» программасы

Программаны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 12 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнгөн. Облуста төрт миңден ашык долбоор каржыланган. Алардын бири мунай-химия жана тоо-кен өнөр жайларына керектүү өнүм чыгарган ишкана. Мында тыгыздагыч шакекчелер, гидравликалык манжеттер, диафрагмалар жана втулкалар чыгарылат. Программанын алкагында ишкана 82 миллион теңгеге жеңилдетилген насыя алган.

Азамат Базар, ишкер:

- Жылдык 6% менен жеңилдетилген шарттарда жаңы жабдыктарды сатып алууну пландап жатабыз. Кытайлык өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Келечекте резина буюмдарынын башка да түрлөрүн өздөштүрүп, импортту алмаштыруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүүнү көздөп жатабыз.

Бүгүнкү күндө Актөбө облусунда 77 миң чакан жана орто бизнес субъекттери ийгиликтүү иштеп жатат. 2022-жылдын биринчи жарымында эле алар 640 миллиард теңгелик өнүм өндүрүшкөн. Белгилей кетсек, жалпысынан Жол картасы программасынын алкагында төрт багыт боюнча мамлекеттик колдоо алууга мүмкүнчүлүк бар. Тактап айтканда, бул - субсидиялар, кепилдиктер, гранттар жана жетишпеген инфраструктуранын жыйындысы болуп саналат.

Нурхан Тилемуратов, облусттук ишкердик башкармасынын башчысы:

- Жыл сайын өнөр жай тармагында ар кандай ишканалар ачылып, кечээ күнү эле жаңы социалдык объекти, студенттер үчүн жатакананы пайдаланууга бердик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков