Казакстандагы жаштар кыймылдарын бириктирген документке кол коюлду

Казакстандагы жаштар кыймылдарын бириктирген документке кол коюлду

Достук үйлөрү кайрымдуулукту жана ыктыярдуулукту комплекстүү өнүктүрүүнүн аймактык борборлоруна айланат. Коомдук институттун аянтында жаш илимпоздор жана ишкерлер «Менин өлкөм» деп аталган жаш активисттерди чогултуп, жаңы социалдык долбоорлорду башташат. Казакстан Эли Ассамблеясы жана «Nur Otan» партиясынын алдындагы жаштар уюмдары ушул жана башка тармактардагы мыкты демилгелердин негизи болгон кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул документте көздөлгөн план ар тараптуу жана максаты айкын. Ал: «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» демекчи, Өлкө үчүн пайдалуу долбоорлордун тегерегинде биригүү болуп саналат.

Асылжан Бүркиталин, «Jas Otan» ЖК төрагасынын орун басары:

- Ушул кулжа айында биз балдардын андан ары терең билим алуусуна, кошумча билим берүү үчүн ыктыярчыларды катарыбызга чакырабыз. Кийинки теке айында ыктыярчылардын эң негизги ишинин багыты - бул суу жээгин тазалоо. Башкача айтканда, экологиялык багытта иштер болот. Андан кийинки баш оона айындагы ишибиз мектепке даярдык. «Мектепке жол» акциясы, балдардын кошумча билим алуусуна байланыштуу маселелер. Башкача айтканда, аларды ар бир ай үчүн тематикалык аймактарга бөлүп алдык. Бул багыттарга ылайык, жыл аягына чейин план боюнча иш алып барабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков