Казакстанда 2023-жылга карата туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Эрежелерди ишке киргизүү жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономиканын бардык чөйрөлөрүндө эң мыкты эл аралык стандарттарды кабыл алууга багытталган. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов дипломатиялык корпустун, БУУнун жана анын өнүктүрүү программасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн координациялык кеңештин 6-жыйынында билдирди. Премьер-министр кызыкдар мамлекеттик органдарга жана уюмдарга 2023-жылга белгиленген пландардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну тапшырды. Өз кезегинде чет элдик кесиптештер социалдык-экономикалык чөйрөнүн негизги багыттарын мындан ары өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын айтышты. Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, сунуштар мындан ары өкмөттүн ишинде эске алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков