2023-жылы 34 мыйзам долбоору иштелип чыгат

2023-жылы 34 мыйзам долбоору иштелип чыгат

Казакстанда келерки жылы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жалпыга маалымдоо каражаттары жана аква өстүрүү боюнча мыйзам долбоорлору жаңы редакцияда иштелип чыгат. Өлкө өкмөтү 2023-жылга арналган мыйзам чыгаруу планын бекитти. Ошентип баш-аягы 34 документ иштелип жатат. Алардын 15ин биринчи жарым жылдыкта, ал эми калган 19ун экинчи жарым жылдыкта парламентке алып чыгуу мерчемделген. Белгилей кетсек, документтердин басымдуу бөлүгү мамлекет башчынын тапшырмаларын ишке ашырууга багытталган.

Канат Мусин, Казакстандын юстиция министри:

Шаар куруу кодексин жана Бюджет кодексин, жер казынасын пайдалануу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, миграция, мамлекеттик сатып алуулар, салык, административдик юстиция, жазык-процесстик жана административдик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу. Мамлекет башчысынын 2022-жылдын аяк оона айынын 1деги кайрылуусун ишке ашыруу боюнча улуттук иш-чаралар планынан пайда болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков