Өскемендеги Жогорку окуу жайында билим алып жаткан магистранттардын бири таштандыларды сорттоочу акылдуу комплекс ойлоп тапты. Даулетбек Агзам IT технологиялар менен жабдылган контейнер аянтчаларынын моделин иштеп чыккан. Сканер катуу тиричилик таштандыларынын курамын аныктап, желим, кагаз же курулуш калдыктарын таштоочу туура контейнерди ачат. Ошондой эле, таштанды үчүн төлөм жүргүзгөн QR-терминал жайгаштырылган. Казакстандын үлүшү 100% ата-мекендик өндүрүш болгондуктан, ал өзүнүн арзандыгынан чет элдик альтернатива түрлөрүн алмаштырууга жөндөмдүү. Автордун айтымында, күн жана шамал энергиясынан керектүү энергияны алган системага жергиликтүү коммуналдык ишканалар жана түрк инвесторлору да кызыгып, анын экономикалык эффективдүүлүгүн эсептөөгө киришти.
Даулетбек Агзам, ойлоп табуучу:
- Бул смарт-комплекс алып келинген таштандыны таразалап, салмагына жараша базар баасы боюнча QR коду менен телефонуна бонус кылып жөнөтөт. Дагы бир артыкчылыгы, ал бизде жамгырдын тамчылары аркылуу да энергия өндүрөт. Калагыбыз жамгырдын суусуна толуу менен айланат.
Салтанат Адиканова, С. Аманжолов атындагы ЧКМУнин жогорку IT-мектебинин деканы:
- Долбоорубуз чет өлкөдө Невшехир шаарында жогору бааланды. Негизинен долбоордун өзү даяр. Буга университеттин жетекчилиги, шаар жетекчилиги жана администрациясы кызыгуучулук артууда. Андыктан бул демилге мындан ары да ишке ашарына ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков