Казакстан менен
Бириккен Араб Эмираттары соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү пландоодо.
Мындай милдет эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн алдына коюлду. Бул тууралуу бүгүн
Касым-Жомарт Токаев Бириккен Араб Эмираттарынын Казакстандагы элчиси Мухаммед
Саид Мухаммед аль-Арики менен жолугушууда билдирди. Президент стратегиялык
инвестициялык долбоорлор боюнча Биргелешкен декларацияга ылайык энергетика,
айыл чарба, транспорт жана логистика тармактарында кызматташууну чыңдоонун
маанилүүлүгүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаев кайра жанма энергия булактары жаатындагы өнөктөштүктүн жогорку
динамикасын, ошондой эле, транспорттук-логистикалык тармакты жана аба
транспорту кызматтарын кеңейтүү боюнча инвестициялык долбоорлордун ишке ашырыла
баштаганына токтолду.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков