Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Казакстандын тышкы
соода жүгүртүүсү 117 миллиард долларды түздү. Анын ичинде, экспорт 68,5 млрдга
жетсе, кайра иштетилген товарлардын экспорту 23 млрд долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында
Премьер-министрдин орун басары - Улуттук экономика министри билдирди. Анын
айтымында, өндүрүш тармагында өсүштүн оң темптери сакталууда, бул негизинен
металлургия жана унаа жасоо өндүрүшүнүн көбөйүшүнүн эсебинен болду. Ошол эле учурда, ишкананын өнүмүнүн көлөмү дароо 14 аймакта көбөйдү.
Өндүрүш тармагынан тышкары, курулуш индустриясы дагы өнүгүүнү көрсөтөт. Турак
жай куруу, транспорттук жана социалдык инфраструктураны куруу, ошондой эле
инженердик тармактарды модернизациялоо боюнча Мамлекет башчысынын масштабдуу
демилгесин ишке ашыруунун аркасында жогорку көрсөткүчтөр камсыздалды. Жалпысынан,
үчтүн айынан жетинин айына чейин негизги капиталга салынган инвестиция көбөйдү.
Алар 3%дан ашыкты түздү.
Нурлан Байназаров, Улуттук экономика министри:
- Негизги капиталга салынган инвестиция 3,1%га өстү. Ири өсүш - чийки эмес тармактарда байкалат. Инвестициялардын көлөмү билим берүү тармагында 2,2 эсеге, илимий жана техникалык ишмердикте – 42%га, транспортто – 27%га, кайра иштетүү өнөр жайында – 18%га өскөн. Эң жакшы көрсөткүчтөр Караганды, Павлодар, Түркестан, Алматы облустарында, ошондой эле Жетису облусунда катталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

