«Евразиянын жүрөгүнө саякат» эл аралык экспедициясынын катышуучулары
Казакстан боюнча сапарын улантууда. Илимпоздордун жана эксперттердин тобу ар
кайсы аймактарды кыдырып, алардын маданий-тарыхый, өнөр жай жана туристтик
өзгөчөлүктөрү менен таанышууда. Экспедиция буга чейин Арал, Кызылорда,
Түркестан, Шымкент жана Байконурда болгон. Ал эми бул жолу катышуучулар Жамбыл
облусуна барышты. Коноктор улуттук искусство менен таанышып, «Байыркы Тараз»
этнокомплексинде өнөрпоздордун көргөзмөсүн көрө алышты. Андан кийин
изилдөөчүлөр Алматыга жөнөшөт. Андан ары алар Борбор Азия өлкөлөрүнүн шаарлары
аркылуу өз жолун улантышат. Сапар биринчи Эл аралык экономикалык форум өтө
турган Дүйшөмбү шаарында аяктайт. Белгилей кетсек, көчмө экспедициянын негизги
максаты - мамлекеттердин ортосундагы достук жана өнөктөштүк байланыштарды
бекемдөө.
Мумомеджон Байжанов, Экспедициянын
катышуучусу:
- Биз Москвадан бери 4 миң чакырымдан ашык жолду басып өттүк. Жалпысынан маршрут 51 күндүн ичинде 8 миң километрден ашыкты түзөт. Бул экспедицияга 5 өлкөнүн блогерлери катышууда.
Кототргон: Назира
Бегалиева

