Казакстан айыл чарбасына канадалык жасалма интеллект технологияларын тартат

Казакстан айыл чарбасына канадалык жасалма интеллект технологияларын тартат

Жасалма интеллектти жана санариптик айыл чарбаны өнүктүрүү жакынкы жылдары Казакстандын айыл чарбасын байкалаарлык өзгөртө алат. Өлкөдө бир катар технологиялар буга чейин эле колдонулуп келет. Мисалы, жасалма интеллект жана спутниктик мониторингтин жардамы менен дыйкандар талаалардын абалын реалдуу убакытта байкап турушат. Эгерде талаада ным жетишсиздиги же өсүмдүктөрдүн оорусунун белгилери пайда болсо, система дароо кооптуу белги берет. Бул өз убагында чара көрүүгө жана түшүмдү сактап калууга мүмкүндүк берет. Дагы бир мисал – «акылдуу» сугаруу. Топурактагы сенсорлор жана аба ырайынын божомолдору канчалык жана качан суу керектигин так эсептөөгө жардам берет. Казакстандын кургакчыл аймактарында бул өзгөчө маанилүү. Ал эми чоң аянттарды текшерүү үчүн агродрондор колдонулат. Казакстан Канада менен кызматташуу аркылуу жасалма интеллект технологияларын киргизүү жана колдонууну кеңейтүү процессин активдештире алат. Серепчилердин пикири боюнча, тажрыйба алмашуу жана санариптик чечимдерди кеңири жайылтуу тармактын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.


Крис Террис, «Telus Agriculture & Consumer Goods» компаниясынын президенти жана улук вице-президенти:


– Канадада бизде агрономия жана дыйкандар талааларды картага түшүрүү, алардын түшүмдүүлүгүн баалоо жана андан кийин жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын дифференциалдык чендерде колдонуу үчүн пайдаланган тиешелүү санариптик технологиялар өнүккөн. Биз кызматташтыгыбызды баштоо үчүн ушул эки багытты эң натыйжалуу деп эсептейбиз. Казакстанга болгон сапарыбыз Канаданын технологияларын жана тажрыйбасын Казакстандын шарттарына ылайыкташтыруу жолдорун жакшыраак түшүнүүгө да жардам берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков