Казакстандын айыл аймактарында 655 амбулатория жана медициналык пункттар курулат. Кабыл алынган программалар медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри өкмөттүк саатта билдирди. Ажар Гинияттын айтымында, айылда биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн алдыңкы тажрыйбасынын «Пациентке багытталган мамиле» долбоорлору ишке ашырылууда. ДССУ жактырган долбоор ошондой эле бейтаптарды колдоо кызматтарын, маалымдалган коомдук мониторинг жана коомдук пикир механизмдерин, ооруларды башкаруу программаларын, универсалдуу прогрессивдүү патронаж моделин жана үй-бүлөнү пландаштырууну камтыйт.
Ажар Гиният, Казакстандын саламаттык сактоо министри:
- Алматы облусунун Еңбекшиказак райондук ооруканасы, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагына кирген 53 өлкө үчүн медициналык-санитардык биринчи жардам көрсөтүүчү аянтча катары таанылган. ДССУ өзүнүн европалык аймагынын үч өлкөсүндө: Казакстанда, Испанияда жана Швецияда демонстрациялык аянтчаларын ачты.
Мындан тышкары, ведомство башчысынын айтымында, көп тармактуу борбордук райондук ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары өркүндөтүлүп жатат. Шашылыш дарылоого жана диагностикага артыкчылык берилет.
Ажар Гиният, Казакстандын саламаттык сактоо министри:
- Стандарттарды киргизүү жана ишке ашыруу боюнча мыкты тажрыйбалар Аягөз райондук көп тармактуу райондук борбордук ооруканасында белгиленип, анда дүйнөлүк жана ата мекендик практикада колдонулган диагностикалык жана дарылоонун заманбап ыкмалары, анын ичинде аз инвазивдүү хирургиялык кийлигишүүлөр, диагностикалык жана терапиялык лапароскопия, холецистэктомия, аппендэктомия киргизилген. Бүгүнкү күндө Түндүк Казакстандан, Акмоладан, Жамбылдан жана башка облусттардан келген кесиптештер алардын оң тажрыйбасын кабыл алууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков