Борбор калаадагы ички иштер башкармалыгынын алдында түзүлгөн жаңы уюмдун иши интернеттеги көз боемочулуктун алдын алуу жана оңой олжого ээ болом дегендердин жолун бөгөттөөгө багытталат. Шаардык криминалдык полиция бөлүмүнүн билдирүүсүндө, анын адистери атайын окуудан өтүп, иш алгоритмин жакшы билишет. Бул багытта Интерпол менен биргеликте кызматташуу пландалууда. Белгилей кетсек, өткөн жылы борбордо жасалган интернет-алдамчылык кылмыштарынын 33%ы ачылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков