Гаджет ар кандай кооптуу шарттарда иштей алат. Атайын санариптик программалардын жана экрандын жардамы менен ал минералдарга спектралдык талдоо жүргүзүп, баалуу металлдарды аныктай алат. Дүйнөдө аппараттын аналогу жок. Иштеп чыгуучулар долбоорду өндүрүшкө киргизип, изилдөөлөрүн өркүндөтүп, андан ары коммерциялаштырууну максат кылып жатышат.
Амандык Төлешов, мехнаника жана унаа таануу институтунун башкы мүдүрү:
- Биз бул жабдыкты 20 жылдан бери жасап келебиз. Бул аппараттардын бир катары мурдатан эле киргизилгендиктен, алардын салмагы да оор болду. Кеминде эки-үч килограмм. Бирок робот болгондуктан, салмагы да жеңил болушу керек. Биз аны 400 граммга чейин азайттык.
Казакстандык окумуштуулар инновациялык робот кураштырууда
Казакстандык окумуштуулар ойлоп тапкан инновациялык роботтордун саны жылдан жылга көбөйүүдө. Алар өнөр жайда, айыл чарбасында жана медицинада колдонулат. Ата мекендик андроиддер чет өлкөлүк кесиптештерине салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ, атап айтканда, алар көп функционалдуу жана салыштырмалуу түрдө жеңил жүзөгө ашырылат. Мисалы, робот медицина кызматкерлерин алмаштыра алат. Робот ПЦР-тесттерин тапшыруудан баштап, дене табын өлчөө жана бейтаптарга дары-дармектерди берүүгө чейин баарын жасай алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков