Түндүк Казакстан облусунда шамал электр станциясы курулат

Түндүк Казакстан облусунда шамал электр станциясы курулат

2023-2024-жылдары өлкөнүн түндүгүндө кубаттуулугу 10 МВт болгон объект пайда болот. Облустук энергетика жана турак-жай коммуналдык башкармалыгы альтернативдик энергия булактарын жайгаштыруу боюнча иштер республиканын «жашыл экономикага» өтүү концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө облуста жалпы кубаттуулугу 70 МВттан ашык 174 кайра жанма энергия булактары бар. Атап айтканда, Сергеев ГЭСи, алты шамал турбинасы жана 125 биоказан бар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, долбоорлорду ишке ашыруу экологиялык абалды жакшыртып, айлана-чөйрөнү булгоочу заттарды жана парник газдарын чыгарууну азайтат. Ошондой эле чоң кырсыктардын коркунучун азайтат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков