Орусияда 3 айдан ашык убакыт жүрүүнү каалаган казакстандыктар манжа изин тапшырышы керек. Коңшу өлкөгө келген ар бир чет элдик дактилоскопиялык каттоодон өтүп, 90 күндүн ичинде сүрөткө түшүүсү керек. Орусияда иш сапарда болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн процедуралар келген күндөн тартып 30 күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Ал үчүн алгач Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгына же анын ыйгарым укуктуу органына кайрылуу керек. Андан кийин бардык тиешелүү жараяндардан өттү деген документ берилет. Мындан тышкары, Орусия Федерациясына кирген чет өлкөлүк жарандар баңгизатка көз карандысыздыгын, ар түрдүү инфекциялар менен ВИЧтин жоктугун тастыктоосу зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков