Казак улуттук оюндары кеңири жайылууда

Казак улуттук оюндары кеңири жайылууда

Казакстанда улуттук оюндар жанданууда. Жылдан-жылга улуттук өнөрдү даңазалаган жана оюн түрлөрүн жайылткан ийримдерге суроо-талап өсүп келет. Мындай ийримдердин бири Шымкентте ачылды. «Сака» деп аталган бул спорт клубунда балдарга улуттук оюндардын мааниси, эрежелери түшүндүрүлөт. Балдар да чыныгы чебер болууга мүмкүнчүлүк алышат.

Максат Кентаев, «Сака» ийриминин мугалими:
- Казак улуттук оюндарын жайылтуу максатында ушул ийримди ачканбыз. Бул жерде балдарга өзүнө болгон ишеним, тактык үйрөтүлөт. Ушундай оюн аркылуу адамдагы түрдүү мүнөздөрдү өнүктүрсө болот.

Эскерте кетсек, чүкө улуттук оюну ЮНЕСКОнун дүйнөлүк руханий-маданий мурастар тизмесине киргизилген. Бул оюндун ондогон түрү бар. Мисалы, кичинекей балдар Омпа боюнча мелдешет. Чүкө атуунун бул түрүндө катышуучулардын санына чек коюлбайт. Болгону ортодогу чүкөнү атып, аны чийинден чыгаруу керек. Ал эми «Хан» оюнуна бир нече адам катышса, «Атбакылда» эки гана адам ойной алат.

Дана Корабекова, окуучу:
- Биз өзүбүздүн байыртан келе жаткан улуттук чүкөбүз менен ойнойбуз.  Мисалы, беш чүкө, беш таш оюндарын ойнойбуз. Мындай улуттук оюндар көп. Биз үй-бүлөбүз менен да ойнойбуз. Тогуз коргоолду ойноону да билебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков