Түркестан облусундагы индустриалдык парктарда 152 долбоор ишке ашырылат

Түркестан облусундагы индустриалдык парктарда 152 долбоор ишке ашырылат

Түркестан облусунун индустриалдык парктарында 152 долбоор ишке ашырылмакчы. Алардын инвестиция көлөмү болжол менен 213 млрд теңгеге бааланган. Аймакта жалпы аянты 225 жарым гектар аймакты ээлеген 22 өндүрүштүк аймак куруу пландаштырылган. Индустриалдык аянттарды өнүктүрүү үчүн атайын жол картасын бекитүү көздөлүп отурат.

Нуржигит Мырзахметов, Түркестан облусунун ишкердик жана соода башкармасынын башчысы:

- Жайгаштырыла турган долбоорлордун басымдуу бөлүгү курулуш материалдарын өндүрүү, желим жана резина буюмдары, эмерек өндүрүшү, жеңил өнөр жай жана химиялык өнүмдөрдү өндүрүү тармактарында. Бул долбоорлор акыркы тизме эмес. Район жана шаар акимчиликтер менен өндүрүштүк имараттардын тапшырылышына жараша жаңы долбоорлорду жайгаштыруу иштерин бирге жүргүзөбүз.

Бүгүнкү күндө Казакстанда 17 атайын экономикалык жана 66 индустриалдык аймак иштейт. Аларга салынган жеке инвестициянын көлөмү 6 трлн теңгеге жакындап, 860 долбоор ишке ашырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков