Казакстанда жыгач иштетүү класстери пайда болот. Ал Түндүк-Казакстан
облусунда түзүлүп жатат. Облустук акимчиликтен билдиришкендей, түрк
инвестициясынын негизинде жыгачты терең иштетүүчү завод курулат. Азырынча анын
баасы 8 миллиард теңгеге бааланууда. Ишкананын кубаттуулугу жылына 50 миң куб метрди
түзөт. Мындан тышкары, казакстандык компания жармаштырылган жыгач, узун жана
жеңил жыгач менен үй курууга керектүү буюмдарды чыгаруу боюнча долбоорду да ишке
ашырууда. Инвестициянын наркы 3 миллиард теңге. Өндүрүш кубаттуулугу жылына 40
миң куб метрди түзөт. Белгилей кетсек, облуста жыгач иштетүү класстерин
калыптандыруунун алкагында ламинатталган фанер өндүрө турган завод иштеп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков