Казакстандын өнүктүрүү банкына – 20 жыл. Бул убакыттын ичинде Улуттук каржы институту экономиканын түрдүү тармактарында – металлургия менен унаа жасоодон баштап энергетика жана курулуш материалдарына чейин жүздөгөн долбоорлорду каржылап, олуттуу натыйжаларга жетишти. Банк менен ийгиликтүү кызматташуунун күбөсү болгон жакшы демилгелердин бири - бул «Экотон+». Компания 2003-2012-жылдар аралыгында Өнүктүрүү банкынан алынган насыя менен курулуш материалдары рыногун багындырган.
Бауыржан Баймуханов, «Экотон+» АК Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы:
- Бул завод 2004-жылы курулуп, ишке берилген. Ал кезде биздин негизги каржы булагыбыз болгон Казакстандын Өнүктүрүү банкынан алынган насыянын аркасында долбоор ийгиликтүү ишке ашты. Бул каржы мекемеси бизге ишеним билдирген биринчи мамлекеттик банк болду. Мындан бир нече жыл мурда долбоордук кубаттуулуктан ашып кеткенбиз. Жылына 220 миң куб метрге чейин өнүм өндүрөбүз. Бул белгиленген мерчемдин 110 пайызга жакынын түзөт. Дагы эле дарамет бар. Ишке кошулгандан бери биздин материалдан 2 миллион чарчы метр турак-жай салынды.
Бекемдиги жогору, отко туруктуу, нымдуулук жана суукка чыдамдуу. Бул касиеттер аталган материалдан табылат. Ага жараша суроо-талап да жогору. Борбор калаадагы өндүрүш борборунан башка ишкана Актөбеде 2008-жылдан бери иштеп келет. Быйыл ушундай эле ишкана Кандыагашта ишке киргизилди. Ал эми 2022-жылы дагы бир ушундай завод Өзбекстанда өндүрүшүн баштайт. Экотон өнүмүнүн өлкөнүн бардык аймактарында популярдуулугу Атырау, Түркестан шаарларында филиалдардын жана башка шаарларда ишенимдүү өнөктөштөрдүн болушу менен шартталган.
Арман Галиев, заводдун өндүрүш башкаруучусу:
- Заводдо бардык жараяндар автоматташтырылган, оператор ушул эки компьютер аркылуу жабдуулардын иштешин көзөмөлдөйт. Ар бир чийки заттын белгиленген тартипте, өлчөмдөн ашпай турушун козөмөлдөйт.
Өндүрүшкө Германиянын алдыңкы технологиялык жабдуулары киргизилген. Ишканалар 700гө жакын адамды туруктуу иш менен камсыз кылат. Эң негизгиси өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков