Касым-Жомарт Токаев менен Франк-Вальтер Штайнмайер брифингде биргелешкен маалымдама жасашты

Касым-Жомарт Токаев менен Франк-Вальтер Штайнмайер брифингде биргелешкен маалымдама жасашты

Франк-Вальтер Штайнмайердин республикага мамлекеттик иш-сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Мындай пикирин Касым-Жомарт Токаев Германиянын делегациясын тосуп жатып билдирди. Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары болуп инвестиция, энергетика, транспорт жана логистика чөйрөлөрү кала бермекчи. Белгилей кетсек, Казакстан Германиянын Борбор Азиядагы негизги экономикалык өнөктөшү. Европа мамлекеттеринин Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон шаар аралык байланышынын 80%дан ашыгы Казакстанга таандык. Өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 10 миллиард долларга жакынды түзгөн. Казакстан Германиянын алдыңкы 50 экономикалык өнөктөшүнүн катарына кирет. Ошондой эле бул өлкөнү мунай менен камсыз кылган негизги төрт өлкөнүн бири болуп эсептелет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Германия Казакстандын Евробиримдиктеги негизги өнөктөштөрүнүн бири. Биз ар кандай тармактарда кызматташуубузду кеңейтүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Бизде азыр эле эле өз ара кызматташтыгыбызга, эл аралык уюмдардагы аракетибизге, ошондой эле геосаясий кырдаалга тиешелүү көптөгөн маселелер боюнча деталдуу, абдан ачык пикир алмашуу болду.

Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев немис компанияларын жашыл энергетикага инвестиция салууга чакырды. Тактап айтканда, тараптар жашыл суутекти өндүрүүчү заводдун курулушунун башталышын кубатташты. 50 миллиард доллар инвестиция салынган долбоорду немис-швед компаниясы ишке ашырууда. Энергетикадан тышкары транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөр дагы бизнес чөйрөлөрдү кызыктырууда. Өзгөчө бүгүнкү күндө Казакстан Кытай-Европа багыты боюнча транзиттик жүк ташуунун 80%ын түзгөн маанилүү аймактык хабка айланып баратканын белгилей кетүү керек. Тараптар Транскаспий эл аралык каттамынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө чоң көңүл бурушту. Анын ролу, жылдан-жылга өсүүдө. Буга реалдуу сандар далил. Өткөн жылы коридор аркылуу 1,7 миллион тоннага жакын жүк ташылган, бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

Франк-Вальтер Штайнмайер, Германиянын федералдык президенти:

- Биздин эки тараптуу мамилелердин абалы жөнүндө сиздин айткандарыңызды ырастай алам. Биз дипломатиялык мамилелерибиздин акыркы 30 жылын гана эмес, сиз айтып өткөндөй, бардык тармактарда динамикалуу кызматташтыгыбыз бар экенин да эске алабыз. Немис компаниялары Казакстанга чоң инвестиция салууда жана бул экономикалык мамилелер менен эле чектелбейт. Биз чындыгында президент мырза менен тилектешпиз жана Казакстанда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларга сый менен карайбыз.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар бир катар документтерге кол коюшту. Алар - министрликтер менен мекемелердин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдар, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу, пайдалуу кендерди биргелешип геологиялык чалгындоо жана туруктуу инженерия боюнча казак-герман институтун түзүү жаатындагы өнөктөштүк келишимдер. Акыркысы жакын арада Актау шаарында ачылат деп күтүлүүдө. Буга кошумча Касым-Жомарт Токаев менен Франк-Вальтер Штайнмайер брифингде биргелешкен маалымдама жасашты. Анда Казакстандын президенти эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча өз пикирин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык чыңалуу тынчсыздандырып жатат. Албетте, бардык көйгөйлөр элдин, келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн тынчтык жолу менен чечилиши керек. Белгилүү болгондой, Казакстан буга чейин да тараптарды тынчтыкка чакырып келген. Биздин өлкө аларга сүйлөшүүлөр үчүн бейтарап аянтчаны сунуштады. Казакстан чыр-чатакты дипломатия жолу менен чечүүгө жигердүү катышууга даяр.

Республикада жашаган 200 миңден ашык этникалык улуттун өкүлдөрү жана Германиядагы миллиондон ашык мекендештер элдер ортосундагы достукту бекемдей берген «алтын көпүрө» катары  кала бермекчи. Тараптар Астана менен Берлиндин ортосунда маданий-гуманитардык байланыштар мындан ары да өнүгө берерин белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамлабеков