Батыш Казакстан облусунда суу ташкынына каршы иш-чаралар кызуу жүргүзүлүп жатат. Ошентип, стратегиялык маанилүү объекттерди коргоо күчөтүлдү. Орал шаарында шаарды суу, жылуулук жана электр энергиясы менен коопсуздугун камсыз кылуу боюнча масштабдуу иш-чаралар аткарылып жатат. Бардык ыкчам топтор даярдык режиминде жана бардык коммуналдык уюмдар керектүү жабдуулар менен жабдылган. Мындан тышкары, Жайык дарыясында жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүп, дамбалар жана топурак тосмолор тургузулуп, суу каптоо коркунучу бар жерлер кум-шагыл аралашмасы менен толтурулууда. Эске сала кетсек, бир күн мурун Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Жайык, Чаган жана Деркул дарыяларынын жээгиндеги иштердин жүрүшүн текшерген. Негизги милдет – калктуу конуштардын тургундарын жана алардын үйлөрүн суу каптоодон коргоо. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Батыш Казакстан облусунда суу ташкынына каршы иштерди жүргүзүү үчүн күчтөрдү топтоо 6 миң адамдан жана бир жарым миңден көбүрөөк техникадан ашты.
Тлек Темиралиев, аскер кызматкери:
– Бүгүнкү күндө биз Орал шаарынын Пугачев районундагы жээкти бекемдөө боюнча буйрук алдык. Бул жерге биздин бөлүмдөн 60 адам тартылды. Көрүнүп тургандай, иш кызуу жүрүп жатат, 2-3 күндө бүтөбүз деп турабыз. 1 айга жакын убакыттан бери ушинтип иштеп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков