Казакстанга
Индиядан табылган Абулкайыр хан тууралуу китептин көчүрмөсү жетти. 500 бетке
жакын 3 бөлүмдөн турган тарыхый эмгекте перс тилинде байыркы замандан баштап Шайбанид
башкаруучуларына чейинки маанилүү маалыматтар камтылган. Ошондой эле, Абулкайыр
хан кайтыш болгонго чейинки алардын урууларынын бийлик курган учурлары
жазылган. Тарыхта аты аталган эки ханды чаташтырып албоо керек. Бул XVІІI
кылымда кичи жүздөн чыккан Абулкайыр хан эмес. Казак хандыгы курулганга чейин,
XV кылымда азыркы Казакстандын аймагында өз мамлекетин курган башкаруучу
тууралуу кол жазма.
Алмат Абсалыков, кол жазмалар жана сейрек китептер борборунун башкы серепчиси:
Ошол кезде найман, жалайыр сындуу болгон бардык тайпалар ошол мамлекетте өмүр сүргөн. Ал жалпы биздин байыркы тайпалар, алардын тарыхы, жалпы Казакстан тарыхына өтө маанилүү маалымат катары баалуу. Болжол менен 1541-1555-жылдары жазылган. Китептин автору Масуд ибн Усман Кухистани Абд ал Латиф хан буйругу менен ушу китепти жазган. Абд ал Латиф хан Шайбанит мамлекетинин ханы.
Улуттук архив фонду Индиядан табылган дагы бир олжо - «History of Mongols» китебинин көчүрмөсү менен да толукталды. XIX кылымда англис тилинде жазылган эмгекте казак башкаруучулары – Жаныбек менен Керей, Касым жана Хакназар хандардын жылбаяны басылган. Буга кошо Индия архив фонддорунан Көшим хан жана Шайбаниддер ханы – Абд ал Латифтин жеке дарыгерлеринин дарылык салтына байланыштуу трактаттар чыкты.
Жандос Болдыков, кол жазмалар жана сейрек китептер улуттук борборунун мүдүрү:
Ал жерде негизги багыттар көздү эмдөөнүн ыкмалары, кандай табигый заттарды колдонсо болот? Ал үчүн төөнүн жүнү, чөптөрдөн жасалган дарылар сыяктуу көптөгөн баалуу материалдар бар. Чыгыш медицинасы, кытай медицинасы, алтай медицинасы бар деп баарыбыз айтабыз. Ал ошол мезгилде өзүбүздө өнүккөн. Биз ушу китептерди которуу аркылуу буга ишенүүдөбүз.
Айта кетсек, санжыранын баалуу маалыматтары “Архив-2025” программасынын алкагында тарыхый мекенине жеткен. Улуттук долбоор ишке ашырыла баштагандан бери Кол жазмалар жана сейрек кездешүүчү китептер улуттук борборунун серепчилери былтыр гана дүйнөнүн 10 өлкөсүнүн архивдик фондун изилдеп чыккан. Комплекстүү изилдөөнүн жүрүшүндө Түркия, Индия, Иран, Египет, Венгрия, Орусиядан өлкөнүн тарыхына тиешелүү 3 миңге жакын документ табылган. Азыркы максат - байыркы карталарды, кол жазмаларды, китептерди жана фотомаалыматтарды изилдөө, которуу жана санариптештирип, илимий жүгүртүүгө киргизүү болуп саналат.