Казакстан президенти «Абу Дабинин туруктуу өнүгүү жумалыгы» саммитинде сөз сүйлөдү

Казакстан президенти «Абу Дабинин туруктуу өнүгүү жумалыгы» саммитинде сөз сүйлөдү

Абу-Дабидеги саммитте Казакстан президенти климаттык коркунучтарга каршы күрөшүү чечимин сунуштады. Дүйнөлүк лидерлердин жолугушуусунда Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн туруктуу өнүгүүгө жетишүү боюнча стратегиясын тааныштырып, негизги үч багытты белгиледи. Атап айтканда, бул санариптештирүү жана жасалма интеллект, ири инфраструктуралык долбоорлор жана атомдук энергетика тармактары. Мамлекет башчысы атомдук энергетиканы түзүү боюнча өлкөнүн пландары тууралуу айтып берди. Президенттин айтымында, республикада биринчи АЭСтин курулушу атамекендик энергетикалык тармакты туруктуу өнүктүрүү багытында олуттуу кадам болуп калат. Бүгүнкү күндө Казакстан дүйнөлүк рынокко чийки заттын маанилүү түрлөрүн жеткирүүнү максат кылууда. Бул материалдар абадагы көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча глобалдык максатка жетүү үчүн керек. Ошондой эле мамлекет башчысы транспорттук инфраструктуранын маанилүүлүгүнө токтолду.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Биз транспорттук инфраструктурага, атап айтканда автоунаа, темир жолдорду, аэропортторду жана деңиз портторун курууга активдүү инвестициялай баштадык. Байланыш мүмкүнчүлүктөрүн андан ары кеңейтүү үчүн Казакстан Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын жана Түндүк – Түштүк транспорттук коридорун өнүктүрүүгө, ошондой эле "Бир алкак, бир жол" демилгесинде маанилүү ролду аткарууга ниеттенүүдө. Биздин максат-региондор аралык мамилелерди чыңдап гана тим болбостон, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылган туруктуу жеткирүү чынжырын түзүү болуп саналат.


Мамлекет башчынын айтымында, глобалдык жылуулук Борбор Азиянын башкы көйгөйлөрүнүн бири. Жылуулук жараянын тездетүү экосистемага, жашоого жана азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирет. Ошондой эле, аймактын трансчегаралык дарыяларга көз каранды. Ошондуктан Президент эрте эскертүү системасын түзүп, суу жана жерди башкарууну жакшыртуу керектигин кошумчалады.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Мында биз сууну үнөмдөөчү технологияларга инвестиция салып, ирригациялык системаларды жаңыртышыбыз керек. Суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча макулдашууларга жетишүү жана жасалма интеллект, спутниктик мониторинг жана башка санариптик аспаптардын көмөгүно таянганыбыз туура.


Мамлекет башчысы кечиктирилгис маселелердин бири катары азык-түлүк коопсуздугун атады. Анын айтымында, дүйнөлүк рынокту азык-түлүк жана жер семирткичтер менен туруктуу камсыздоо үчүн инновациялык ыкмалар керек. Казакстан туруктуу айыл чарба ыкмаларын жана технологияларын андан ары өркүндөтүүнү көздөйт. Касым-Жомарт Токаевдин пикири боюнча, дүйнө бул чакырыктарга каршы туруу үчүн өнүгүүнүн жаңы парадигмасына муктаж. Президент конкреттүү чаралар катары жашыл каржылоонун, технологиялардын трансфертинин, техникалык колдоо жана илимий изилдөөлөр боюнча эл аралык кызматташтыктын кеңейишинин, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө, экономикалык өнүгүүдө, жасалма интеллектте артыкчылыктардын синергетикалык өз ара аракеттенүүсүн атады. Мамлекет башчысынын пикири боюнча, бул принциптер глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн бирдиктүү системасын түзүүгө жардам берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков