Маселен, 2022-жылы Казакстанга Мангыстау облусундагы «Болашак» темир жол бекети аркылуу 200 миң тоннадан ашык ар кандай жүк келген.
Аралбай Орысбаев, темир жол кызматкери:
- Бизге берилген убакыт 60 мүнөт. Ушул убакыт ичинде иш алып барабыз. Дарыядан келген поезддерге техникалык тейлөө көрсөтөбүз. Узак жүргөн поезддердин дөнгөлөктөрү бошоп калышы мүмкүн. Ошол жагын катырып, бекемдеп жиберебиз.
Белгилей кетсек, Болашак темир жол бекети аркылуу ата мекендик товарларды экспорттоо да көбөйүүдө. Маселен, Казакстандын эгиндерин Иранга жана Түркмөнстанга ташып жеткирүү бир топ артты. Тескерисинче, текстиль жана мөмө-жемиштер коңшулаш Борбор Азия мамлекеттеринен алынып келинет.
Максат Нурбеков, Болашак темир жол бекетинин башчысы:
- Бизде суткасына 5 поездди кабыл алып, 5 поезд жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Ал эми азыр алдыдагы убакытта жүктүн жүгүртүүсү көбөйсө, аны кабыл алуу жана жөнөтүү мүмкүнчүлүгүбүз жогорулайт. 2022-жылдын жыйынтыгында Түркмөнстандан ортодогу жүк жеткирүүдө алар бизге 200 миң тоннага жакын жүк алып келишсе, биз 1 миллион 200 миң тоннага жакын жүк жеткирдик.
Казакстан Кытай менен Орусиядан Түркмөнстанга жана Перс булуңунун өлкөлөрүнө товарлар экспорттолгон транспорттук «коридор» сыяктуу. Жалпы республика аркылуу чет мамлекеттен транзит менен эки миллион тоннадан ашык жүктөр ташылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков