Борбордун инвестициялык тартымдуулугу

Өткөн жылы өлкөнүн башкы шаары капиталдык салымдарды тартуу боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти. Баш калаага бир триллиондон ашык жеке инвестиция тартылды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 21,5% көп. Бул тууралуу шаар башчысы Алтай Кульгинов калк менен отчёттук жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, аталган убакыт аралыгында Нур-Султан шаарында 111 инвестициялык долбоор колдоого алынган. Алар өнөр жай, билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, логистика жана соода чөйрөлөрүндө, ошондой эле, турак жай куруу тармагында сунушталды. Айта кетсек, өнөр жай тармагы өнүгүүнүн эң олуттуу натыйжаларын көрсөттү. Борбор калаада 3 миллион чарчы метрден ашык турак жай курулуп, пайдаланууга берилди, бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Ошондой эле, акимдин айтымында, үй куруу комбинатынын иши башталып, нан бышыруучу завод, сүт заводу, жашылча дүкөнү, дүң сатуу борборлору жана беткаптар менен жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү боюнча долбоорлор колдоого алынды.

АЛТАЙ КУЛЬГИНОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН АКИМИ:

 - Нур-Султан шаары активдүү ишкер шаарына айланып бараткандыгын көрүп турасыздар, ал барган сайын бизнес субъекттерин өзүнө тартып турат. Жыйынтыгында жалпы дүң өнүмдүн 55% жакыны чакан жана орто ишканалардын үлүшү деп айта алабыз. Бул бизди кубандырат, бирок биз дагы көп нерсени жасай алабыз, анткени борбор тартымдуу шаар. Мамлекет бизнестин өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн бардык шарттарды түзүп жатат. Чакан жана орто бизнес шаарга жумшалган инвестициялардын 81% түзөт.