Биринчи жарым жылдыкта Казакстан менен Кытай ортосундагы өз ара соода алмашуусу 13,6 миллиард долларды түздү

Биринчи жарым жылдыкта Казакстан менен Кытай ортосундагы өз ара соода алмашуусу  13,6 миллиард долларды түздү

Жылдын биринчи жарымында Казакстан менен Кытайдын өз ара соодасы 13,5 миллиард доллардан ашыкты түздү. Анын 6 миллиарддан ашыгы ички экспортко тиешелүү. Шэньчжэнь шаарында өткөн масштабдуу бизнес-форумда республиканын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин товар алмашууну көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге вице-премьер-министр Казакстанга инвестиция тартуунун үч негизги багытын аныктады. Биринчиси – логистика, ал учурдагы каттамдарды өнүктүрүүнү, жаңы каттамдарды ачууну, инфраструктураны курууну, жүк түшүрүү жана жүктөө борборлорун ачууну камтыйт. Бул багыт ири транспорт операторлору үчүн өзгөчө кызыгууну туудурат. Вице-премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күндө чек арага жакын жерде соода-экономикалык хабдар, логистикалык борборлор курулууда. Алар андан ары ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн негизин түзөт.

Серик Жумангарин, Соода жана интеграция министри:

Казакстанда инвестиция үчүн атайын экономикалык жана өнөр жай аймактарынын тармагы түзүлдү. Бирок транспорт жана соода логистикасына артыкчылык берилет. Биз хабдардын тармагын түздүк, биринчиден, Шинжаң менен чектеш жерде “Хоргос” эл аралык чек ара кызматташтыгы борбору бар экенин билесиздер,  сиздерди ага чакырабыз. «Хоргос-Чыгыш дарбазасы» АЭА эркин экономикалык аймагы болуп саналат. Биз Кыргызстан менен чек арада өнөр жайлык соода-логистикалык комплексти, Өзбекстан менен чектеш жерде өнөр жай кооперациясынын эл аралык борборун түздүк, эми Түркмөнстандын аймагында соода-логистикалык борбор түзүүнү каалайбыз. Каспий деңизинин жээгинде жана Курык портунда буга кошумча Евразияда биздин Каспий хабыбыз бар. Бирок биз муну менен эле чектелбейбиз. Бүгүнкү күндө бул дүйнө үчүн Кытайдан Европага биздин өлкө аркылуу соода алмашуунун эң кыска жолу.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын инвестициялык мыйзамдары эң мыкты дүйнөлүк стандарттарга толук жооп берет. Бул капиталды коргоого кепилдик берет. Өлкөнүн Соода жана интеграция министрлиги инвестициянын дагы эки келечектүү багытын белгиледи. Бул өнүмдөрдү терең иштетип, айыл чарбасын өнүктүрүү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков