Бир жарым миллиард доллар. Бул үстүбүздөгү жылдын 10 айындагы Казакстан менен Сингапурдун соодасынын көрсөткүчү. Бул тууралуу Казакстандын аталган өлкөдөгү элчиси Аскар Куттыкадам Сингапурдун президенти Халима Якоб менен болгон жолугушуусунда билдирди. Ага мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы ишеним грамотасын тапшырды. Президенттин расмий резиденциясында өткөн салтанаттан кийин Аскар Куттыкадам Сингапурдун башчысы менен жолугушууга катышып, өлкөдөгү реформалар тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде, Халима Якоб Касым-Жомарт Токаевди Сингапурга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырганын ырастады.
Аскар Куттыкадам, Казакстандын Сингапурдагы элчиси:
Мен президент айымга Казакстандагы соңку окуялар, анын ичинде кулжа айындагы конституциялык референдум жана жетинин айындагы президенттик шайлоолор тууралуу айттым. Бул тарыхый этаптар жаңы жана адилеттүү Казакстанды түзүү жолунда саясий процесстердин ачыктыгын камсыз кылат.
Быйыл аталган өлкөдөн Казакстанга келген инвестициянын көлөмү 651 миллион АКШ долларына жеткен. Өлкөдө сингапурдук капиталдын катышуусу менен 120га жакын компания катталган. Тараптар негизинен транспорттук логистика, бизнес-туризм, инфраструктура, айыл чарба жана айти чөйрөсүндө тыгыз кызматташтыкты орноткон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков