АКШнын Кремний өрөөнүндө Борбордук Евразиянын тарыхында биринчи жолу технологиялык конференциясы болуп өттү. Анда алдыңкы 100 регионалдык стартаптардын ичинен казакстандык долбоорлор көрсөтүлдү. Алардын көпчүлүгү буга чейин Америка базарына киришкен. Белгилей кетсек, Борбор Азияга республика менен катар Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Грузия кирди. Катышуучулар ири дүйнөлүк технологиялык компаниялардын, университеттердин, ошондой эле венчурдук фонддордун өкүлдөрүнүн жана америкалык алдыңкы инвесторлордун алдында сөз сүйлөштү. Өз чечимдерин сунуштоо менен, иштеп чыгуучулар бүткүл аймактын дараметин көрсөтө алышты. Серепчилер Борбордук Евразиянын келечеги чоң экенин болжолдошууда. Алардын ою боюнча, жакынкы он жылдыкта Кремний өрөөнү ири технологиялык компаниялар үчүн өндүрүш зонасына айланат.
Рауан Кенжехан уулу, BILIM MEDIA GROUP башкы мүдүрү:
– Кремний өрөөнү дүйнөдөгү технологиялык жарыштын борбору. Ошондуктан, тармактын алдыңкы адистери жана аларды андан ары өнүктүрүүнү аныктаган компаниялар менен өткөрүлгөн мындай жолугушуулар чоң мааниге ээ. Казакстандан келген жаш чарба адистеринин стартаптарын баалоо жана башка долбоорлор менен салыштырма анализ жүргүзүү үчүн бул тармактагы адистердин пикирин угуу абдан маанилүү деп ойлойм.
Асет Абдуалиев, SILKROAD INNOVATION HUB негиздөөчүсү, конференциянын уюштуруучусу:
– Биз Борбордук Евразиянын компанияларын жана Фанудерлерин түзүү идеясын 2023-жылы «Silk Road Innovation Hub» ишке киргиздик. Мен бул абдан ийгиликтүү долбоор болду деп ишенимдүү айта алам. Бул Борбордук Евразия долбоорлору үчүн дүйнөдөгү эң ири аянтча. Өткөн жылы 80ден ашуун стартаптар биздин резидент аталышты. Бул долбоорлорго 30 миллион доллардан ашык венчурдук инвестиция тартылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков