2035-жылга карата
Казакстан аркылуу темир жол менен транзиттик ташуулардын көлөмү 100 миллион
тоннага жетет. Мындай болжолду эл аралык серепчилер айтышты. Бул тууралуу
өкмөттүн жыйынында транспорт министри билдирди. Нурлан Сауранбаевдин маалыматы
боюнча, акыркы 10 жылда транзиттик ташуулардын көлөмү эки эсеге көбөйүп, өткөн
жылы 27 миллион тоннадан ашкан. Быйыл эле көрсөткүчтү 33 миллион тоннага
жеткирүү пландаштырылууда. Бүгүнкү күндө өлкө аркылуу беш эл аралык темир жол
коридору өтөт. Көлөмдүн өсүшү үчүн ташууларды башкаруунун автоматташтырылган
платформасы киргизилип жатат. Ал пландаштырууну жана жүктөмдөрдү болжолдоону
жеңилдетет, демек вагондордун жүгүртүлүшү да жогорулайт.
Нурлан
Сауранбаев, Казакстандын транспорт министри:
- Транскаспий
транспорттук маршруту багытында жеткирүү мөөнөтү 53 күндөн 17 күнгө чейин
кыскарды. Акыркы үч жыл ичинде тарифтер туруктуу бойдон. 2023-жылдан бери
өзгөргөн жок. Тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн санариптик технологиялар
киргизилип жатат. Тариздөө убактысы 8 сааттан 30 мүнөткө чейин кыскарды, ал эми
поезддердин кыймылы онлайн режиминде көзөмөлдөнүп, «тоскоолдуксуз» транзитти
камсыздайт. Жакынкы арада маршрутту андан ары өнүктүрүү үчүн Өкмөттөр аралык
макулдашууну даярдоо боюнча иштер башталат.
Которгон: Назира Бегалиева

