Чет өлкөлүк туристтердин саны 4 эсеге өстү

Чет өлкөлүк туристтердин саны 4 эсеге өстү

Жыл башынан бери 350 миң казакстандык турист чет өлкөлөрдө эс алды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 эсеге көп. Жаңы жылдын алдында бул көрсөткүч дагы да өсүшү мүмкүн. Ата мекендик туроператорлор жылуу жерге баргандар үчүн эффективдүү сунуштарды даярдашкан. Ассоциациянын президенти Инна Рейдин айтымында, Казакстандык туристтер эң көп барган жерлер Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Мальдив аралдары жана Таиланд. Бүгүнку күндө Индияга үзгүлтүксүз аба каттамдары кайрадан жанданды. Ал эми Түркияга саякаттар жай айларында суроо-талапка ээ.

Инна Рей, Казакстан туроператорлору биримдигинин президенти:

- Пандемия учурунда туроператорлор ишин токтоткон жок. «Туристтик камкордук» фондусунун аркасында саякатчыларыбызды көздөгөн жерине эеткирип, алып келип жаттык. Кыйынчылыктар көп болду. Айрыкча быйылкы жайда ишибиз көбөйүп кетти. Бирок биздин туристтер ыраазы. Башкысы ушул. Биздин өлкөгө келүүнү каалаган чет элдиктер көп. Ар жума сайын туристтик коомчулуктун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азырынча мекемелер аралык комиссиядан уруксат ала элекпиз. Кырдаал жөнгө салынат деген үмүттөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков