Франципялык инвестор
Павлодар мунай-химия комбинатында суутек өндүрүү цехин курат. Көмүр кычкыл
газын бөлүп чыгарууну кыскартууга багытталган долбоордун баасы 90 миллион
еврону түзөт. Эки өлкөнүн IT компаниялары булут платформасын түзүү жана жасалма
интеллектти өнүктүрүү боюнча конкреттүү макулдашууга жетишти. Астанада өткөн
Казакстан-Франция инвестициялык форумунда бул сыяктуу 15 документке кол коюлду.
Алар экономиканын негизги стратегиялык багыттарын камтыйт. Жалпысынан акыркы
жылдары өз ара соода алака күч алууда. Франциянын Борбор Азия өлкөлөрү менен
болгон соодасынын 80%ы Казакстанга таандык. Өткөн жылы товар жүгүртүү 30%га
өсүп, 5,5 млрд долларга жеткен. Бул рекорддук көрсөткүч негизинен экспортко
байланыштуу. Франциянын өлкөгө инвестициясы дээрлик 20 миллиард долларга жетти.
Өткөн жылы эле Европа мамлекети өлкө экономикасына 843 миллион доллар
инвестиция салды. Тараптар жетишкендикти арттырууга кызыкдар. Анткени
кызматташуунун дарамети кенен.
Олжас Бектенов,
Казакстандын Премьер-министри:
- Биз Европа менен
Азияны байланыштырган Транскаспий эл аралык транспорттук жолун өнүктүрүү боюнча
өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдарбыз. Жалпысынан Казакстан Франциянын жогорку
окуу жайлары менен узак мөөнөттүү кызматташууну түзүүгө ниеттенүүдө. Биргелешкен
долбоорлор, атап айтканда, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба, гидрология,
геодезия, геофизика, энергетика тармактарында ишке ашырылат. Суу ресурстарын
башкаруу, фармацевтика, туризм жана жасалма интеллект тармагындагы
кызматташуубузду кеңейтебиз. Учурда бул багыттар боюнча алдыңкы француз
компаниялары менен жигердүү диалог жүрүп жатат.
Лоран Сен-Мартен,
Франциянын тышкы соода жана чет элдеги француз жарандары маселелери боюнча
ыйгарым укуктуу министри:
- Кызматташтыгыбыз
артып келүүдө. Анткени Франция менен Казакстан мамилелерин ар тараптандырышы
зарыл. Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди
түзүштү. Ал документке президенттерибиз Токаев менен Макрон былтыр жетинин
айында кол коюшкан. Биз бул форумда ошол өнөктөштүктү конкреттүү ишке ашырдык
деп айта алам. Ишкерлер бири-бири менен
жолугуп, бир катар макулдашууларга жетишти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

