Казакстан менен Жапониянын алакаларынын өнүгүү темпи күч
алды. Элчи Ясумаса Ииджима эки өлкө табигый ресурстар, транзит жана
гуманитардык алмашуу сыяктуу негизги багыттардагы кызматташтык алкагын кеңейтип
жатканын белгиледи. Логистика тармагындагы өнөктөштүккө өзгөчө көңүл бурулат.
Буга байланыштуу «Орто коридорду» өркүндөтүүгө артыкчылык берилип келет.
Жапония тарап долбоорду ишке ашыруу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.
Дипломаттын айтымында, өлкөлөр башка да тармактарда тыгыз өнөктөштүк орноткон.
Ясумаса Ииджима, Жапониянын Казакстандагы Толук жана
ыйгарым укуктуу элчиси:
- Былтыр 10 миңге жакын виза берилди. Быйыл алардын саны
болжол менен ушул көрсөткүчтүн тең жарымына чейин көбөйөт деп күтүлүүдө. Жыл
сайын Астана жана Алматы шаарларында өткөрүлүүчү жапон тили деңгээлин аныктоо сынагына
катышуучулардын саны да рекорддук деңгээлге жетти. Ошондой эле, Казакстанда
жапон анимеси менен манга таанымал, алар казак тилине которулат. Элчилик жапон
маданияты менен байланышкан таанып-билүү иш-чараларын мындан ары да улантат. Бул
жаатта көпчүлүктүн кызыгуусу менен колдоосуна үмүттөнөбүз.
Казакстан менен Жапония 1992-жылы дипломатиялык
мамилелерди орноткон. Бүгүнкү күндө өз ара соода-алака активдүү түрдө өнүгүп
келет. Быйыл соода жүгүртүү 1 миллиард 300 миллион долларга жетти. Негизинен
Казакстан күн чыгыш өлкөсүнө феррокуйма, тантал, иштетилбеген алюминий, химия
жана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттойт. Ал эми Жапониядан электр генератордук
орнотмолор, автоунаалар жана тиричилик техникасы импорттолот. Эки тараптуу
академиялык өнөктөштүк да жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө.
Серик
Мейирманов, Ritsumeikan Азия-Тынч океан университетинин вице-президенти:
- Казакстан менен Жапониянын ортосунда академиялык
мобилдүүлүк жаатында алмашуу кеңири жайылууда. Бул жолу Казакстандын
делегациясы менен бирге жогорку билим жана илим министри Саясат Нурбек да
келет. Биздин университет Казакстандын жогорку билим жана илим министрлиги
менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүүнү пландаштырууда. Башкача айтканда,
биргелешкен долбоорлор колго алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

