Казакстанда курулуш материалдары тармагында 165 жаңы долбоор ишке ашырылат

Казакстанда курулуш материалдары тармагында 165 жаңы долбоор ишке ашырылат

Курулуш материалдары импортуна болгон көз карандылыктан арылуу. Ички рынокту арзан ата мекендик моделдер менен жабдуу үчүн өлкөдө 2025-жылга чейин жалпы наркы 1 триллион 66 миллиард теңге болгон 165 долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Натыйжада 16 миңден ашык жаңы жумуш оруну түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов билдирди. Жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүү темир-бетон буюмдарына, кургак аралашма, кыш, айнек, кабель, ДСП жана фасад панелдерине болгон ички керектөөнү толук камсыздайт. Бир катар жаны өнүмдөрдү чыгаруунун эсебинен импорттун салыштырма салмагын эки эсе кыскартуу белгиленген. Эң башкысы — курулуш жабдыктарынын баасын арзандатуу милдети турат, дейт мекеме башчысы.

Бейбит Атамкулов, РКнын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Бул долбоорлорду ишке киргизүү ички рынокто импорттун үлүшүн болжол менен 60% кыскартып, курулуш материалдарынын баасынын олку-солку болушуна жол бербейт. Жаңы долбоорлорду ишке киргизүү 2025-жылга карата 700 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү өнүмдүн 10дон ашык түрү боюнча орточо жылдык керектөөнү камсыздоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков