Казакстанда жалпы наркы 12 миллиард долларлык мунай-газ-химия долбоорлору жүзөгө ашырылат. Атап айтканда, өлкөдө полипропилен, метанол, полиэтилен, май жана башка ири өндүрүштөр ишке кошулат. Учурда долбоорлор иштелип жатат. Бул тууралуу энергетика министри Нурлан Ногаев Татарстан мунай-газ-химия форумунда билдирди.
«Биз бул багытта долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтөбүз. Азыркы учурда Өкмөт мунай-газ-химия тармагында атайын инвестициялык келишимди иштеп чыгууда, анда бул тармакты өнүктүрүүгө, инвестицияларды стимулдаштырууга багытталган өзгөчө преференциялар камтылат», - деди тармак башчысы.
Казакстан менен Орусиянын бул багыттагы тыгыз кызматташтыгы белгиленди. Бутадиен өндүрүшүнүн ачылышы жөнүндөгү келишим мунун ачык далили. Анын өнүмдөрүн Орусия, Европа, Түркия жана Кытайга жеткирүү мерчемделген. Бүгүнкү күндө Казакстанда жыпар-жыттуу углеводдор, күйүүчү майлар, полипропилен жана бензинге болгон каныккан кошумчаларды чыгаруучу заводдор ийгиликтүү иш алып барууда. Аталган ишканалардын өнүмдөрү ички рынокто жогорку суроо-талапка ээ, ошондой эле Кытайда, Орусияда, Өзбекстанда жана башка коңшу өлкөлөргө экспорттолот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков