Түркестан аймагында дүйнөнүн 37 кереметинин бири болгон термелме кош мунара болгону аныкталды. Кооз объекттин 6 катар пайдубалы ушул күнгө чейин бүтүн бойдон сакталып келет. Тарыхчылар
аны 16-кылымда Сауран шаарындагы медресенин кире беришинде курулган деп айтышат. Кийинчерээк ал убакыттын өтүшү менен бузулган. Аны жергиликтүү жыгач усталар бышкан кыштан тургузушкан деген маалыматтар бар. Өзгөчөлүгү
14 метрлик кош мунара шамал болгондо термелип турат. Бул
тууралуу орто кылымдагы окумуштуулар да жазышкан. Кезинде тажик жазуучусу Зайнидин Васифи бир жолу аны карама-каршы тарапта турган адамга кулап кете жаздагандай сүрөттөгөн. Ушул күнгө чейин кыштан курулган кош мунаранын кулап кетпей термелип турганы коомчулукка сыр болуп келген.
Марат Таякбаев, тарых илимдеринин кандидаты, археолог:
- Эгерде дөңгөчтү кыймылдатып жиберсең бир аздан кийин термелүү мунарага өтөт. Мунара акырындап кыймылдай баштайт. Мынтип чынжыр менен тартып койгон, экинчиси да кыймылдайт. Маятник сыяктуу кыймылдап турган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков