Эксперттер: билим берүү процессине жасалма интеллектти киргизүү — зарылдык

Эксперттер: билим берүү процессине жасалма интеллектти киргизүү — зарылдык

Казакстан мектептеги билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу менен жаңы моделге өтүү алдында турат. Буга чейин президент тиешелүү Жарлыкка кол койгон. Республика билим берүү реформаларын глобалдык тренддер менен синхрондоштурууда. Сингапур, Түштүк Корея, Кытай жана Жапония сабактарды жекелештирүү үчүн адаптивдүү платформаларды, окуучулардын көндүмдөрүн баалоо алгоритмдерин активдүү колдонуп, жасалма интеллекттин негиздерин милдеттүү мектеп программасына киргизип жатышат. Мисалы, Күн чыгыш өлкөсүндө GIGA Education School системасы ишке киргизилген. Бул жерде ар бир окуучу жеке планшет же ноутбук менен камсыздалган. Алар окуу үчүн гана эмес, окуучунун жоопторун талдап, эгер бала конкреттүү тема боюнча кыйынчылыкка туш болсо, кошумча материалдарды сунуштаган интеллектуалдык системалар менен жабдылган интерактивдүү дептерлер катары да колдонулат. Айта кетсек, чектөөлөр да бар. Башталгыч класстарда балдарга жасалма интеллекттин негиздери менен таанышууга гана уруксат берилет, ал эми аны курал катары колдонууну ортоңку класстардан башташат. Серепчилердин айтымында, Казакстан да ушул жол менен баратат. Ошол эле учурда жасалма интеллектти окутуу процессине туура киргизүү зарыл. Ал эми бул үчүн эки негизги багыт бар.

Серик Мейрманов, Рицумейкан Азия-Тынч океан университетинин вице-президенти: /Жапония/

– Биринчи багыт – бул окуучунун тьютору катары жасалма интеллект, жеке тьютор. Ар бир окуучу жасалма интеллекттин жардамы менен көзөмөлдөнөт, анын жетишкендиги, даярдык деңгээли. Экинчи багыт – бул мугалимдин жардамчысы же ассистенти деп аталат. Башкача айтканда, кол менен жасалган жумуштун жана мугалимге болгон жүктөм азаят. Демек, мугалим бошогон убактысын 30-50% чейин балдарды тарбиялоого жумшай алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков