Казакстандын Президентинин Америка Кошмо Штаттарына болгон сапарынын жүрүшүндө кол коюлган жаңы келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейт. Мындай пикирди жергиликтүү аналитиктер билдиришүүдө. Дүйнөдөгү эң ири өздөштүрүлө элек вольфрам кендерин биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашуу чоң мааниге ээ. Булар Караганды облусунда жайгашкан Түндүк Катпар жана Жогорку Кайракты кендери. Тиешелүү келишимге Вашингтондогу C5+1 саммитинин алкагында казакстандык «Тау-Кен Самрук» компаниясы жана америкалык Cove Capital кол коюшту. Долбоорго инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашат. Белгилей кетсек, АКШнын борборундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө дүйнөлүк рынокто талап кылынган сейрек кездешүүчү металлдарга негизги көңүл бурулду. Мындан тышкары, америкалык жаңы компаниялар рынокко кирип, энергетика, тоо-кен өнөр жайы жана инфраструктура сыяктуу бир нече тармакка инвестиция салат деп күтүлүүдө. Ошондой эле тараптар Казакстандын өнөр жай жана айыл чарба өнүмдөрүнүн АКШга экспортун көбөйтүү боюнча макулдашышты.
Айнур Тукумова, КСИИ эл аралык коопсуздук департаментинин серепчиси:
- АКШда бизнес жолугушуулар өтүп, анда транспорт, логистика, жасалма интеллект, инновациялар жана саламаттыкты сактоо тармактарында көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Инвестициялардын олуттуу агымы күтүлүүдө. Бул саммит, албетте, чоң ийгиликтүү болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

