Казакстан келечекте аймактык транзиттик борборго айланат. Бул максатта кошумча темир жол инфраструктурасын жана терминалдык кубаттуулукту жогорулатуу үчүн объектилерди куруу көздөлүп жатат. Атап айтканда, Орусия менен Кытайдын ортосундагы транзиттик экспорттук транспортту өнүктүрүү үчүн Достук-Мойынты темир жол тилкесинин экинчи линиясын куруу пландалууда. Бул Алматы түйүнүндөгү жүктү орточо 30% кыскартууга мүмкүндүк берет. Деңиз транспортун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын дарамети дагы деле толук пайдаланыла элек.
Касым Тилепов, Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин транспорт комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:
- Биз Актау портунда паром комплексин куруу долбоорлорун ишке ашырдык. Анын жүк өткөрүү жөндөмүн кеңейтүү боюнча да чаралар көрүлдү. Бүгүнкү күндө порттун кабилеттүүлүгү 21 миллион тоннаны түзөт. Каалаган жүктү жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков