Казакстанда Жөнөкөй нерселердин экономикасы программасынын алкагында 1 триллион теңге насыя берилип, 3,5 миңге жакын долбоор колдоо тапты. Натыйжада 70 миң жумушчу орун түзүлүп, 3,5 триллион теңгелик өнүм өндүрүлүп, кызматы көрсөтүлдү. Каржылык колдоого алынган долбоорлордун арасында кайра иштетүү, саламаттык сактоо, социалдык кызматтар жана билим берүү тармактары бар. Президент Касым-Жомарт Токаев быйылкы кайрылуусунда Жөнөкөй нерселердин экономикасы программасын 2022-жылдын аягына чейин узартууну тапшырган. Бул жаатта Улуттук банк экинчи деңгээлдеги банктардын жана Агрардык насыялык корпорациянын облигацияларын сатып алат.
Ахметали Ержан, Казакстандын Улуттук банкы департаменти мүдүрүнүн орун басары:
- Улуттук банк тарабынан бөлүнгөн каражат 22 жылга импортту алмаштырууга жана жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган ишкерлерге жеңилдетилген насыя менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков