Өлкөнүн транспорттук инфраструктурасы өнүгөт

Өлкөнүн транспорттук инфраструктурасы өнүгөт

Казакстандын  транспорттук инфраструктурасы аэропорттордо атайын экономикалык аймактарды түзүүнүн эсебинен өнүктүрүлөт. Ошентип, жүк агымдары аба жайларына жөнөтүлөт. Жарандык авиация комитетинин маалыматына караганда, атайын экономикалык аймактарды Астана, Алматы, Шымкент, Актау, Актөбе жана Караганды аэропортторуна киргизүү пландалууда. Бул жалпы эл аралык тажрыйба. Муну менен катар, Казакстан менен Кытайдын чек арасындагы автоунаа бекеттеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгү да өсүп келет. Ошентип, Кытай менен чек арадагы эң ири «Нур жолу» унаа өткөрүү бекети күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Калган авто көзөмөл бекеттери күнүмдүк 12 сааттык жумуш графигине алмашат. Белгилей кетсек, Кытай, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен 10 өткөрүү-пунктунда толук жаңылоо жана техникалык жактан камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Бул өз кезегинде транспорттук каттамдардын кирүү жана чыгуу багыттарынын санын көбөйтүүгө жана жүк өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 6 эсеге арттырууга мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков