Анын ичинен 13ү Аркалык шаарында ишке ашырылат. Облус акимчилигинин маалыматына караганда, долбоорлордун дээрлик бардыгы айыл чарба тармагын камтыйт. Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилет. Жаңы өндүрүш борборлорун курууга жалпысынан 33 миллиард теңге жумшалат. Аймак агроөнөр жай комплексинин темптери боюнча Казакстанда биринчи бештиктин катарына кирет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, айрыкча мал чарбачылыгына ылайыкташкан түштүк аймактарында эт өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондуктан бул жерде малды бордоп семиртүүчү жайлар жана этти кайра иштетүүчү заводдорду ачуу пландалган.
Аслан Досмаганбетов, облусттук айыл чарбачылык башкармасынын бөлүм башчысы:
- Мисал катары Аркалык шаарын алсак, он миң баш малды бордоп семиртүүчү аянтчасын ачуу мерчемделүүдө. Инвестициянын көлөмү 4,5 миллиард теңгени түзөт. Аны өзгөчө айтууга болот. Жүз жумушчу орун түзүлөт. Бул пландар аткарылганда түштүк райондордун экономикалык көрсөткүчү 2,5-3 эсеге өсүүгө тийиш.
Инвесторлорду аймактын айыл чарбасы менен катар жер казынасынын байлыгы кызыктырууда. Бул аймакта фабрика, кен байытуу комбинатын куруу көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков