Каржы уюмдары карыз эсебинен өндүрүп алган мүлктү баланста сактоонун чектүү мөөнөтү 3 жылдан ашпоого тийиш. Башкача айтканда, насыялар банктын менчигинде калбашы керек. Бул экономикалык жүгүртүүгө стресстик каражаттарды тез тартууга түрткү берет. Сенат бул максатта жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ ошондой эле жеке инвесторлорго стресстик активдерди сатууга укук берет. Бул юридикалык жактардын жана жеке бизнес ээлеринин карыздарына гана тиешелүү. Мындай насыяларды башкарууга байланыштуу кызматтарды жаңыдан түзүлгөн сервистик компаниялардын институту жүзөгө ашырат.
Мадина Абилкасымова, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасы:
- Тейлөө компаниялары активдерди ак ниеттүүлүк менен башкарып, өз калыбына келтирүү стратегияларын иштеп чыгышат жана кыйынчылыкка кабылган активдердин ээлерине башка кызматтарды көрсөтөт. Укуктук деңгээлде тейлөө компанияларына капиталдын көлөмү, рынокто тажрыйбасы, мыкты ишкердик репутациясынын болушу сыяктуу жогорку талаптар коюлат. Агенттик белгиленген талаптарга жооп берген тейлөөчү ишканалардын реестрин жүргүзөт жана алар жөнүндө маалыматты өзүнүн сайтында жарыялайт. Бул насыя алуучулардын укуктарын коргоонун кошумча механизмин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, жыл башында стресстик активдердин көлөмү 2,3 триллион теңгени же банк тутумунун активдеринин 6%ын түзгөн. Жалпысынан акыркы 5 жылда 6,7 триллион теңгеге стресстик активдер эсептен чыгарылган. Бул убакыт аралыгында төлөөгө кудурети жетпей жаткан 8 банктын лицензиясы жокко чыгарылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков