Казакстандын вагон жасоо компаниясы айына 240 вагон кураштырат. Павлодар облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өкмөт башчы Олжас Бектенов өндүрүш очогунун иши менен таанышты. Буга чейин бул жерге жылына 100 вагон чогултушчу. Өндүрүштүк кубаттуулугу жогорулаган компания 3 миң жартылай вагон жеткирүү келишимин мөөнөтүнөн мурда аткарды. Азыр заводдо адистердин квалификациясын жогорулатууга артыкчылык берилип жатат.
Жоламан Ахмадиев, «Казакстан вагон жасоо компаниясы» ЖЧКнын башкы инженери:
- Заводдо 800гө жакын адис иштейт. Быйыл жумушчу адистиктер жылынын алкагында биздин заводдо окуу жай ачылды. Ал жерде биз азыр бардык 800 кызматкерибиздин квалификациясын жогорулатуу үчүн иштеп жатабыз.
Ренат Тимур, «Казакстан вагон жасоо компаниясы» ЖЧКнын жабдыктарды чогултуучу инженери:
- Жабдуулар токтоп калбашы үчүн, бул заводдо техникалык документтерди тастыктоо жана аларды киргизүү менен өндүрүү жаатында иштейм. Быйыл президентибиз жумушчу кесиптердин жылын белгиледи. Ал бизге көп жардам берет деп ишенем.
Которгон: Сезим Шейшеналиева

